Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.06.2016 12:05

Айыл турмушу: 50 жыл токойчу болуп иштеген И.Кадыркулов Көк-Жайык жайлоосуна боз үй тигип, кытайлык кыргыздарды кабыл алууда (фото, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылынын тургуну, 10 баланын атасы Ишен Кадыркулов 50 жылга жакын убакыттан бери токойчу болуп эмгектенүүдө.

И.Кадыркулов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Алма-Ата шаарынан билим алып келген соң, эмгек жолун токой чарбасында айдоочу болуп иштөөдөн баштаган.

Ал 1992-жылы Жети-Өгүз тилкесине келип, токой чарбасын өнүктүрүү менен алектенип баштаган. 47 жылдан бери токойчу катары кошкон салымы үчүн райондун «Ардактуу атуулу» наамына ээ болду.

Учурда эс алууга чыкса дагы 5 гектар жерди алып, карагай өстүрүү менен алектенүүдө. Көк-Жайык жайлоосундагы 5 гектар жерди курчоого алып, боз үй тигип, келген эс алуучуларды дагы кабыл алат.

Ал жерге кытайлык кыргыздар дагы келип эс алып, Көк-Жайык жайлоосунун кооздугуна суктанышат.

Азыркы тапта Ишен Кадыркулов кымыз ичип, эс алуу үчүн келгендерди кабыл алууда. Анын уулдары дагы атасынын жолун жолдоп, токой чарбасында эмгектенет.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×