Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.06.2016 14:13

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк багбан кароосуз калган 5 гектар жерди иштетип, мөмө-жемиштен жылына 30-40 тонна түшүм алууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын багбаны Бакыт Нарынбеков 5 гектар жерге мөмө-жемиш өстүрүп, 30-40 тоннадан түшүм алат.

Б.Нарынбеков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кароосуз калган жана чопо баскан 5 гектар жерди өздөштүрүп, киреше алып келүүчү булакка айлантты.

Анын бакчасында алма, өрүк, алмуруттун түрлөрү өсөт. Жыл сайын 30-40 тоннадан түшүм алат. Күзгү түшүм жыйноодо айыл тургундарын жумуш менен камсыз кылып, күнүнө 500-600 сомдон эмгек акы төлөйт. Ошондой эле, ал бакчасына 1000 түп кокон гиластын көчөтүн тиккен.

Багбан өзү өстүргөн алманын кышкы түрлөрүнөн 5 тоннадан түшүм алат. Алмалардын бул сорту кышында көпкө сакталат. Бакыт Нарынбаев мөмө-жемиштен тышкары 50 сотых жерге арпа, 50 сотых жерге картошка өстүрүп, жыл сайын жакшы түшүм алууда.

67

68  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×