Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.07.2016 12:00

Айыл турмушу: Оргочордогу кошуналар Д.Майтиева менен Ч.Мамбетова кол өнөрчүлүк аркылуу үй-бүлөлүк бюджетти толтурат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы кошуналар Дамира Майтиева менен Чынара Мамбетова биргеликте кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы элеттик айымдардын ишинен кабар алып келди.

Кошуналардын бири кийиз менен иштеп, түрдүү оймолорду салса, экинчиси жууркан-төшөк көктөйт. Алар айылда ачылган тигүү цехде эмгектенишет. Дамира Майтиева күнүнө 5тен ашуун жууркан жасайт. Ал 6 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Ал эми, Чынара Мамбетова 8-класстан бери кагаз бетине түрдүү оюуларды түшүрүп баштаган.

Кийиз ден соолукка пайдалуу экендигин белгилеген Чынара Мамбетова унаалардын отургучтарына кийиз төшөнчүлөрдү дагы жасайт. Алар 800 сомдон 1200 сомго чейин бааланат.

Кошуналар өзүнчө чакан ишкана ачууну максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×