Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.07.2016 13:46

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк 70 жаштагы К.Сааданбеков бала чагынан бери мал чарбада эмгектенет (фото)

Turmush -  Богатыровка айылынын 70 жаштагы тургуну Курманкалый Сааданбеков бала кезинен бери мал багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы малчы менен таанышып кайтты.

Анын айтымында, 7 кыз, 4 уулун малдын арты менен окутуп, билимдүү кылган. Учурда жеке мал чарбасында 600 баш мал-жандык бар. Жайкысын сырт өрөөнүнө жайлоого чыгат. Чабан ар бир жайыттын тарыхын жакшы билет. Ар жылы жайлоого чыгуунун алдында мал союп, түлөө өткөрөт.

Чабан мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп, коомдук иштерге дагы активдүү катышат. Мындай эмгеги менен «Липенка айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×