Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.07.2016 16:30

Айыл турмушу: Айыл башчы кызматын таштаган 24 жаштагы Алтынбек Жети-Өгүзгө боз үй тигип, чет элдик эс алуучуларды кабыл алууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылынын 24 жаштагы тургуну Камчыбек уулу Алтынбек чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүү менен каражат табууда.

А.Камчыбек уулу буга чейин Жети-Өгүз районунда бир катар коомдук иштерге активдүү катышып, Жети-Өгүз айылынын башчысы болуп иштеген. Айыл башчы болуп турганда айылдын ички көчөлөрүн оңдоп, жаштардын башын бириктирүү максатындагы ар кандай маданий иш-чараларды өткөрдү. Айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелер боюнча бир катар долбоордорду ишке ашырууга дагы көмөктөшкөн.

Эми ал жеке ишкердикти өнүктүрүү максатында айыл башчы кызматынан өз каалоосу менен кетти. Акыркы 4 жылдан бери Жети-Өгүз тоосуна боз үй тигип, конокторду кабыл алып жатат.

А.Камчыбек уулу жылына 500гө жакын мейман тосуп, ага көмөк көрсөткөн инилери куш, бүркүт таптап, келген эс алуучуларга сүрөткө тартуу кызматын көрсөтүшөт.

Жаш ишкер учурда боз үйлөрдүн санын көбөйтүп, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу аракетинде. Эс алуу үчүн келгендер бир күн конуп, эс алып, тамактануу үчүн 500 сом төлөшөт. Ал келечекте ишмердүүлүгүн кеңейтип, айылды оңдоого салым кошууну максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×