Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2016 12:42

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү балчы А.Калчаевдин аарылары 8 км чейин учуп бал чогултат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Асанбек Калчаев үй-бүлөсү менен «Алтын аары» аары чарбасын иштетет. Аймактык кабарчы балчы менен таанышты.

Калчаевдин айтымында, былтыр 1-жолу 300 литр бал алышты. Балдын көлөмүн 700 литрге чейин көбөйтүүнү пландап жатышат. Алардын кардарларынын басымдуусу туристтер.

«Көп жылдан бери аары кармаган балчыларга салыштырмалуу биздин бал бат сатылды. Анткени сапаттуу.

Биз жакка эс алгандар, көлгө түшкөндөр, туристтер көп келет. Ооз тийип көрүп эле, сатып алышат», - деди балчынын жубайы Бурулча Намазова.

Анын айтымында, бал челектер көл жээкте жана токойдо жайгашкандыктан бал даамдуу болот.

«Аарылар кандай көбөйгөнүн өзүбүз дагы байкап көрдүк. Мисалы токойдун ичинде кайыңдар, карагаттар, ар кандай өсүмдүктөр бар. Аарылар алардын ар бирине конуп, бал чогултат. Аарылар бал челектен алыс 3 чакырымдан 8 чакырымга чейин учат», - деди балчынын жубайы.

Алар бал өндүрүүнү атайын семинарга катышып үйрөнүшкөн.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып балдан сырткары ден соолукка пайдалуу прополис өңдүү дарыларды дагы жасайбыз. Прополис тиш ооруга жакшы. Ал бал челектен алынат», - деди Асанбек Калчаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×