Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.07.2016 09:54

Айыл турмушу: Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү А.Акунов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна өзгөчө даярданууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Салбурун федерациясынын негиздөөчүсү Алмаз Акунов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата өзгөчө даярдык көрүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Акунов Салбурун федерациясын 2006-жылы негиздеген, учурда анын 200дөн ашуун мүчөсү бар. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көчмөн элдин тарыхын баяндаган тайган агытуу, бүркүт салуу жана жаа атуу оюндарын федерациянын мүчөлөрү менен мыкты көргөзө алган. Быйылкы Көчмөндөр оюнунда байыркы көчмөндөрдүн тарыхын баяндоону максат кылып, добулбас кагып, сурнай, керней тартып баштоону пландоодо.

А.Акуновдун айтымында, ал мындан 10 жыл мурда добулбас жасап чыккан. Бул ирет аны синтезделген материалдар менен каптап, кайрадан жасап чыкты. Эми анын сыртына улуттук оймо-чиймелерди түшүрөт.

Добулбас көчмөндөрдүн турмушунда 3 мезгилде - душман менен болгон беттешүүдө, жыйналышта, аңчылыкта кагылган. Добулбас атайын жыгачтан жасалып, сырты төөнүн териси менен, үстү бодо малдын териси менен капталат. Эреже боюнча ал 8 ай көлөкөдө кургатылат.

А.Акуновдун айтымында, добулбас унутта калып калган, эми кайрадан жандандырылууда. Керней жана сурнайлар дагы ат үстүндө жүрүүгө ылайыкташтырылып жасалган.

«Көчмөн элдин тарыхында акыркылардан болуп Ормон хан добулбасты колдонуп, анын добулбасын манасчы Сагынбай Орозбаковдун атасы Орозбак кагып турган. Эми ат үстүндө жаа атуу, бүткүт салуу өндүү оюндар жанданып, алар Көчмөндөр оюнунда уюштурулууда. Учурда ага карата даярдык өзгөчө. Ат үстүнөн жаа атуу үчүн Алтайдан кыргыз жылкылары алынды. Алар менен Көчмөндөр оюнуна катышабыз», - деп кошумчалады А.Акунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×