Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.07.2016 15:58

Айыл турмушу: Тоңдук мүнүшкөрдүн 1-орундарды бербеген бүркүтү — Тумара (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 41 жаштагы тургуну Талгарбек Шайбыров 8 жашынан бери ата жолун жолдоп, куш таптап келет.

Т.Шайбыров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын чоң атасы Тоң районунда атагы чыккан мүнүшкөр болгон. Ал 2-класста окуп жүргөндө чоң атасы каза болуп, кийин атасынын замандаштарынан куш таптоонун сырларын өздөштүргөн. Азыркы тапта Тумара аттуу 12 жаштагы бүркүттү таптап жатат. Анын атын чоң атасына таазим кылып эскерип, тумар тутуу максатында Тумара деп атаган. Буга чейин Талгарбек 5 бүркүт таптаса, алардан Тумара алгырлыгы менен айырмаланат.

Тумара өз кожоюнуна абдан көнгөн. 5 жылдан бери өлкөдө куш салуу боюнча мелдештерде чемпион болуп, бир катар байгелерди багындырган. Эң алдыңкы байгеси заманбап үлгүдөгү сыналгы жана акчалай сыйлыктар болгон. Тумара былтыр Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда дагы мыктылыгын көрсөттү.

Т.Шайбыровдун айтымында, куш таптоо үчүн ага таза эт берип, маал-маалы менен кароо зарыл. Ал эми анын бүркүтү күнүнө 600-700 грамм эт жейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×