Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.07.2016 19:10

Айыл турмушу: Кытайда окуп, Африкада иштеп келген 24 жаштагы Жоомарт айылында бизнес түптөдү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Жоомарт Асангазиев күнөскана куруп, жеке ишкерчилик менен алектенүүдө.

Ж.Асангазиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мектепти аяктагандан кийин кытай тилин үйрөнүү үчүн Кытайдагы окуу жайлардын биринде билим алган. Чет тилин үйрөнгөндөн кийин Африкада котормочу болуп иштеген. Кийин айылга келип, күнөскана куруп, ишкерчилик кылууну чечкен.

«Учурда бадыраңдын голландиялык "карнишон" деген сортун өстүрүп жатам. Көлдө эң көп сатылганы ушул бадыраң. Бул бадыраңдын сыртында быдыракейлер көп. Ал эми, сырты сыймалак болгон бадыраңды жергиликтүү эл көп албайт», - дейт ал.

Ишкер бадыраңды жылына үч жолу өстүрүп, аны Каракол шаарындагы базарларга сатып өткөрөт. Бадыраңды үч күндө бир жолу жыйнайт. Бир тергенде 150 кг түшүм алат. Айрым учурда түшүм 250 килограммга чейин жетет.

Ал жайкысын бадыраңдын килограммын дүң баада 40-60 сомдон сатат. Жумасына эки жолу өткөрүп, 12 миң сом киреше табат. Ал эми, айына 50 миң сомго чейин пайда көрөт. Анын күнөсканасы 300 чарчы метр аянтка курулуп, 6 адамга жумуш орундары түзүлгөн. Ар бирине 10 миң сомдон маяна төлөп берет.

«Бадыраңдарды булактын суусу менен сугарабыз. Ошондуктан бадыраңдын даамы базардагы бадыраңдыкынан айырмаланып турат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×