Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.07.2016 15:03

Ысык-Көлгө 1 жаштагы кызы менен эс алууга келген Викторияны тамыры менен кулаган бак баскан (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылында катуу шамал учурунда кулаган бак басып калып каза болгон келиндин өздүгү такталды.

Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү милиция билдиргендей, бак басып калып каза болгон Виктория Козлова 1988-жылы туулган. Милициянын маалыматы боюнча, бак кечээ, 18-июлда саат 19:00 чамасында кулаган.

Ал 1 жаштагы кызы менен Тамга айылындагы ата-энесинин үйүнө эс алуу үчүн келген. Катуу шамал учурунда Виктория кызын көтөрүп, үйгө кирип баратканда бак кулаган. Анын кесепетинен Виктория окуя болгон жерде каза болуп, кызы жеңил жаракат алган. 1 жаштагы кызга медициналык жардам көрсөтүлдү, учурда абалы жакшы.

Викториянын жолдошу — К.Алишер 1981-жылы Тамга айылында туулган. Алар Бишкек шаарында жашашчу. Ал эми Викториянын ата-энеси Тамга айылындагы санаторийде эмгектенишет.

Анын өлүмү боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×