Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.07.2016 15:33

Фото - Жети-Өгүздөгү катуу шамалда кулаган дубал жергиликтүү тургунду басып калды

Turmush -  Жети-Өгүздө кечээ, 18-июлдагы катуу шамал учурунда кулаган дубал 59 жаштагы эркек кишини басып калды.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, саат 22:10 чамасында РИИБдин кезмет бөлүмүнө райондук ооруканадан билдирүү түшкөн. Маалыматта айтылгандай, саат 20:15 чамасында Саруу айылынын 1957-жылы туулган тургуну Догдурбек Будайчиев райондук ооруканага жеткирилген.

Ал саат 18:30 чамасында үйүнүн короосунда курулуш ишин жүргүзүп жаткан. Ошол учурда катуу шамалдан улам кулаган тамдын дубалы басып калган.

Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×