Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.07.2016 09:52

Айыл турмушу: А.Ибраев 3 гектар таштак жерди тамчылатып сугарып, өрүкзарга айлантты (фото)

Turmush -  Дархан айылынын тургуну Арсен Ибраев 3 гектар жерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өрүкзарга айлантты. Аймактык кабарчы багбандын чарбагы менен таанышты.

Багбан 5 жыл мурда эч нерсе өспөгөн талааны чарбакка айлантууну чечкен.

«Мурда бул жерди Ысык-Көлдүн суусу басып турчу. Бирок кийин суу азайып, бул жер таштак, шагыл баскан талаага айланды. Мен бул жерде өзүмдүн бакчамды өстүрүүнү ойлондум. Биздин Дархан айылы өзүнүн бакчалары менен атагы чыккан айыл. Эмгектин акыбети кайтып жатат», - деди ал.

50 жаштагы багбан кесиби боюнча агроном. Ошондуктан жер пайдалануунун сырларын жакшы билет. Таштак жерди бакча кылуу үчүн 50 км түтүк тартып, эки жерден суу чыгарып, электр энергиясын алып келген.

«Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдөйт. Ар бир өрүктүн, алчанын түбүнө түтүк тартып, суу тамчылап турушу үчүн тешиктерди жасадык. Алчанын көчөттөрүн Баткенден алып келдим. Өрүктүн 3 сорту өсүп жатат», - деди ал.

Көчөттөрдү отургузууда 5 унаа топурак, 4 унаа жер семирткич керектелген.

«Бул жер шагылдуу болгондуктан ар бир көчөттүн ордуна топурак салып, ага жер семирткичтерди аралаштырдык. Азыр түшүм ала баштадык. Бирок, алчаларды чымчыктар жеп кетип жатат. Алардан сактануу үчүн бир нерсе ойлоп табуу керек», - деди багбан.

22-июлда Жети-Өгүз районунда өрүк түшүмүнө арналган «Сары кыздын тою» иш-чарасы өтөт. Арсен Ибраев өз бакчасынын түшүмү менен иш-чарага катышып, башкалар менен тажрыйба бөлүшүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×