Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.07.2016 10:18

Айыл турмушу: Тоо башындагы Эңилчек айылында 209 үй-бүлө жашайт (фото)

Turmush -  Эңилчек айыл өкмөтү Каракол шаарынан 150 км алыстыкта жайгашкан. Аймактык кабарчы элеттин турмушу менен таанышып кайтты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, СССР учурунда бул жерде калай чыгаруучу комбинаттын курулушу башталган. Бийлик куруучулар үчүн шаарча куруп, көп кабаттуу үйлөр курула баштаган. Бирок, СССР тарап кетип, курулуш токтоп калган.

Азыр Эңилчек айыл өкмөтүнүн курамына Таш-Короо, Кургак, Эңилчек, Гоолу, Май-Саз, Кең-Суу жана Эчкилүү-Таш айылдары кирет.

Айыл өкмөттө 209 үй-бүлө жашайт. Алар мал чарба менен алектенет. Эңилчек айылында 4-класска чейин билим берген мектеп иштейт. Андан кийин окуучулар төмөндөгү айылдарга барып окушат. Азыр мектепте 14 окуучу билим алып жатат.

Айылга барган жолдордун абалы начар. Кышында ашуулар кооптуу. Жакында деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикте жайгашкан Эңилчек айылына мобилдик операторлордун бири уюлдук байланыш алып келди.

Айыл өкмөт чек ара аймакта жайгашкандыктан бул жерде чек арачылар да иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×