Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.07.2016 16:00

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк ишкер салмагы 15 кг болгон балыктарды багууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Бактыбек Ашыров аймактагы Кокуй-Көлдө балыктын 9 түрүн багат.

Б.Ашыров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал жыл сайын 100-200 миң сом сарптап, Кокуй-Көлгө 5000 майда балыктын чабактарын кое берет. Учурда ал амур, толстолоб, карп, сазан жана башка балыктын түрлөрүн багууда.

«Балыктарды өстүрүүнүн жолун билиш керек. Аларга атайын өзүнүн жемин сатып келип беребиз. Кээ бир сига өңдүү балыктар жакшы өспөй калышы мүмкүн. Мисалы, сазан балыгы 3 жылда жетилет. Белый амур бир жылда 1 килограмм 200 грамм салмак алса, сазан, карптын салмагы жылына 500 граммга чоңоет. Көлмөдө 15 килограмм салмакка жеткен балыктар да бар», - дейт балык өстүрүүчү.

Б.Ашыров балык өстүрүүнүн сырларын көп жылдардан бери өздөштүрүп, эми эмгегинин үзүрүн көрө баштады. Балык өстүрүүнүн жолдорун үйрөнөм деп Венгрияга да барып окуп келген. Азыр балыктын 9 түрүн өстүрүп, кардарларды балык менен камсыздап келет.

Базарга 100-200 сомдон алып чыгат. Жергиликтүү дүкөндөргө 50-60 сомдон өткөрөт. Бул жерге келип балык кармоону каалочулар 200 сомдон төлөп, кайырмак менен балык уулап, эс алып кетишет.

Ар бир балыкчыга 3,5 килограммдан балык кармоого уруксат берилет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип турат.

42

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×