Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.07.2016 10:55

Элдик уламыш: Жети-Өгүздүн эң алыскы Ак-Шыйрак айылынын аталышы күлүк ат менен байланыштуу (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 3400 метр бийиктикте жайгашкан, район борборунан 200 чакырым алыстыкта орун алган Ак-Шыйрак айылынын аталышы күлүк ат менен байланыштуу. Бул тууралуу 77 жаштагы жергиликтүү тургун Турум Кудашева айтып берди.

Анын айтымында, элетке жакын жерде илгери өтө бай жана сараң адам жашаган. Ага бир жигит көп жыл малай болуп кызмат кылган. Жигит жылкы сырын жакшы билип, байдын күлүктөрүн мыкты баккан экен. Ошондо бай ыраазы болуп, үйүр жылкысын ичинен эң начар, арык, араң жан тайды берет. Бала аны жакшы карап, мыкты таптап, күлүк кылат. Ал күлүк бардык тойлордо байге жеңип, аты алыска жетет.

«Ошондо бай ичи тарып, кулун өлтүрүп, күлүктү өзү ээлеп калгысы келет. Бирок, бала анын оюн билип калып, күлүгүн минип качып чыгат. Ал Барскоон капчыгайы аркылуу азыркы Ак-Шыйрак айылынын ордуна келип жашап калат. Ат ала туяк болгондуктан кийин эл арасында "баягы күлүк келген жер, ала туяк, ак шыйрак келген айыл" деп отуруп, айыл Ак-Шыйрак деп аталып калган. Бул окуяны мага кайын атам Кудаш Өмүрбеков айтып берген», - дейт тургун.

Айылдын аталышы боюнча эл арасында дагы бир уламыш айтылат. Анда бул аймактын топурагы боз болгондуктан малдардын туяктары жамгыр жааганда ак баткак болуп атып, Ак-Шыйрак деп аталган.

Айыл расмий түрдө 1920-жылы уюшулган. 1927-жылы Ак-Шыйрак айылдык кеңеши түзүлүп, «1-Май» колхозу негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×