Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.07.2016 16:52

Ысык-Көлдө «Сары кыздын тоюндагы сулуу» аныкталды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 23-июлда «Сары кыздын тою» фестивалынын алкагында сулуулар сынагы уюштурулду. Анын жеңүүчүсү болуп Бурул Канатова табылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Сынакка 7 айылдын 7 сулуусу катышты.

Сынактын катышуучулары көйнөк тигип кийүү, жомок айтып берүү, коомчулук менен оюн уюштуруу, ыр-бий аткаруу, мыкты кожойке экенин көрсөтүү үчүн тамак бышыруу тапшырмаларын аткарып, суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында жеңүүчү болгон 23 жаштагы Бурул Канатова Тосор айылынын тургуну. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Быйыл Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти аяктап, экономист адистигин алды.

«Сынакка бир жума даярдандым. Кыздардын баары таланттуу экен. Мен үчүн сулуулук адамдын ички дүйнөсү менен сырткы келбети шайкеш келгенинде. Келечекте кесибим менен иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсом деген тилегим бар», - дейт жеңүүчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×