Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.07.2016 10:43

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк мугалим жаныбардын элесин жыгачка түшүргөн эмгектерин 5 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 57 жаштагы тургуну Туратбек Солтонгулов айылдагы Кудайберген Салиев атындагы орто мектепте кол эмгек жана сүрөт сабагынан балдарга билим берип келет.

Т.Солтонгулов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кол эмгек сабагында балдарга жыгач менен иштөөнүн сырларын үйрөтөт.

«Балдар табият менен таттуу мамиледе болушу керек деп эсептейм. Кол эмгек сабагында жыгачка жаныбардын элесин түшүрөбүз. Ошондой эле, баланын кыялындагы, жомоктогу кармандарды жасайбыз. Керектүү материалды айылдан эле чогултабыз. Алгач жыгачты көрүп, анан ага ылайыктуу сүрөт тартабыз», - дейт Т.Солтонгулов.

Окуучулар менен бирге жасаган анын эмгектери ар кандай сынактарда баш байгеге ээ болуп келет. Ошондой эле, көргөзмөлөргө, жарманкелерге коюп, 500 сомдон 5 миң сомго чейин баалашат.

Т.Солтонгуловдун 5 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×