Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.07.2016 11:55

Айыл турмушу: Кышы 6 айга созулган сырт өрөөнгө 20 жыл мурун көчүп келген жубайлардын кызыктуу жашоосу (фото)

Turmush -  Жубайлар Акылбек Өзбеков менен Жылдыз Абдыкеримова Жети-Өгүз районундагы эң алыскы Ак-Шыйрак өрөөнүнө мындан 20 жыл мурун көчүп келишкен.

Жубайлардын айтымында, 20 жыл мурун аталган өрөөндөгү жолдордун абалы начар болгондуктан районго 5 жылда бир каттап турушкан.

Ж.Абдыкеримованын айтымында, ал Түп районунан Жети-Өгүзгө келип болуп келип, шарты катаал алыскы аймакта жашап калам деп ойлогон эмес. Ал 30 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, 20 жылдык өмүрүн тоолук балдары окутууга арнады.

Азыркы тапта Үч-Кошкон айылындагы мектепте иштегендиктен күн сайын жарым саат жол басып, Жылдыз ашуусунан өтөт. Ал эми жолдошу Акылбек Өзбеков Ак-Шыйрак айылында мал багуу менен бирге кичи электр түйүнүн көзөмөлдөйт.

А.Өзбековдун айтымында, бул айылга электр жарыгы 1982-жылы тартылып, көмөкчордон курулган. Бул жактан Ак-Шыйрак, Эңилчек, Сары-Жаз жана Кара-Сай чек ара өтмөгүнө жарык берилет. Эгерде олуттуу оңдоо талап кылынса атайын адистерди чакырат.

Тоолуу аймактын шартына көнгөн жубайлар өздөрү үчүн бардык ыңгайлуу шарт түзүп алышкан. Алар үй ичине суу чыгарып, мончо да курушкан.

«Кышы узак жана суук болгону эле болбосо биз үчүн шаардагыдай эле жашоо болуп калды. Айлык маяна жакшы, болгону райондон алыс, балдарыбызды бир жылда бир көрөбүз. Жылда бир ай эмгек өргүүгө чыгып, көлкө түшүп эс алабыз. Бирок, тез эле тоодогу үйүбүзгө кеткибиз келет. Бул жер биз үчүн шаардай сезилет. Жергиликтүү телеканалдардан бардык жаңылыктарды көрүп турабыз. Келечекте бул аймак өнүксө экен деп тилейбиз», - дешет жубайлар.

Алар топоз, кой, уй багып, жайкысын алыскы жайыттарга айдап, кышкысын айылда кармашат. Бул жерде кыш мезгили 6 айга созулуп, жайы салкын келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×