Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.07.2016 16:17

Айыл турмушу: Жети-өгүздүктөр өрүк сатуу сезонунда 1 млн сомго чейин киреше табышат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылынын тургундары бир сезондо өрүк сатуудан 1 млн сомго чейин киреше табышат, дейт айыл тургуну Рима Стамкулова.

Анын айтымында, элеттиктердин көпчүлүгү бир жылдык кирешесин өрүк сатуу менен табышат.

«Өрүк бышкан мезгил биз үчүн майрамдай эле сезилет. Анткени бир жылдык кирешени өрүк сатып табабыз. Айылда ар бир үйдө 100дөн ашык түп өрүк бар. Быйыл өрүктүн баасы кымбат болгону менен мөндүр жаагандан кийин сырткы көрүнүшү бузулуп, өрүктүн өтүмү жакшы болбой жатат», - дейт Р.Стамкулова.

Жаргылчак айылында «өрүгүбүз аз» деген үй-бүлөлөр бир сезондо 50 миң сом киреше таба турганын кошумчалады.

«100-200 миң сомдон баштап, 1 млн сомго чейин киреше тапкандар болот», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×