Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.08.2016 10:09

Айыл турмушу: 93 жаштагы Жаймачач апа 16 жашында турмушка чыгып, согуштан келген жолдошун Боомдон тосуп алган (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 93 жаштагы тургуну Жаймачач Үсөнбаева 16 жашында турмушка чыгып, согуш маалында Боом капчыгайында жол салуу иштерине катышкан.

Ж.Үсөнбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында 1923-жылы туулган.

Аны жолдошу Бейше Үсөнбаев тебетей менен чаап тандаган. Анда ал 16 жаштагы кыз болчу. Жолдошу 1942-жылдан 1945-жылга чейин Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кийин мекенине кайтып келген. Ал кезде Ж.Үсөнбаева бир уулу менен калып, орукта эмгектенген. Кайын атасынын малын багып, орукта орок оруп, чалгы чаап иштеп, жолдошунун аман келишин тилек кылганын айтат.

Жаймачач Үсөнбаева 24 жашында бешиктеги баласы менен Боом капчыгайында жол салуу иштерине катышып, согуштан кайткан жолдошун Боомдон уулу менен тосуп алган.

«Ал кезде улуулардын айтканын жасап, өкмөттүн буйругун аткаруу биз үчүн сыймык эле. Жолдошум биз үйлөнгөндөн кийин аскерге чакырылып, мен жалгыз калгам. Согуш маалында кыйын күндөрдү башымдан өткөрдүм. Боюмда болсо дагы белимди жоолук менен таңып алып, чөп чаап, орок оргон күндөрүм өттү.

Жолдошумду күтүп, үмүтүмдү үзгөн жокмун. Уулум төрөлгөндөн кийин дагы аны бешикке салып коюп, Боом капчыгайынын жолун салууга салым коштум. Ал кезде ат өтө турганга ылайыктуу гана жалгыз аяк жол бар болчу. Кум менен ташка толгон жер бир катар адамдардын эмгеги менен ачылган. Ал кезде эл абдан ынтымактуу эле, бир ууч талканды тең бөлүшүп жечүбүз. Ошентип, согуш бүткөн соң аскердик унаа менен келген жоокерлердин арасынан жолдошумду жолуктурдум. Биз уулум, жолдошум болуп Боомдон чогуу айылга кайттык», - дейт кылымга жакын жашаган Ж.Үсөнбаева.

Ал согуштан кийин саанчы болуп иштеген.

«Учурда болгону 4 миң сом гана пенсия алам. Эмгегим акталбай калды. Аны өзүмдүн балдарым билсе жетиштүү», - дейт Ж.Үсөнбаева.

Анын 10 баласы, 38 небере, 50 чөбөрө, 4 кыбырасы бар.

«КРнын ардактуу инсандар» коомдук бирикмеси 93 жаштагы Ж.Үсөнбаевага «КРнын ардактуу айымы» наамын ыйгарышты.

15

14

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×