Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.08.2016 09:15

Жети-Өгүздө россиялык жарандын унаасы катышкан авария болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында Россиянын жараны катышкан жол транспорт кырсыгы катталды. Turmush басылмасына ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-июлда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 147-чакырымында 2 унаа — «Ауди 100» менен «Пежо 4007» сүзүшкөн.

«Пежо» унаасын Россиянын жараны Александр Панов башкарып бараткан. Анын унаасында аялы, 9 жаштагы кызы жана карындашы болгон. Жети-Өгүз районунун Чоң-Жыргалчак айылынын аймагындагы авариядан 9 жаштагы кызы жабыркаган.

Ал эми, «Ауди 100» унаасын Ак-Суудагы Тепке айылынын жашоочусу башкарып бараткан.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×