Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.08.2016 11:37

Жети-өгүздүк айдоочу Россиянын жаранына унаасын сүзгөнү үчүн 150 миң сом төлөдү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда катталган жол кырсыктын кесепетинен 9 жаштагы кыз жараат алды. Бул тууралуу РИИБдин тергөө бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 29-июлда Ак-Суу районуна бара жаткан «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1975-жылы туулган А.Садыков бет маңдай келе жаткан «Пежо 4007» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Аны 1977-жылы туулган Россиянын жараны Александар Панов башкарып келе жаткан. Кырсык Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Ауди 100» унаасынын 2007-жылы туулган жүргүнчүсү, айдоочунун кызы Н.Асанова жаракат алган. Учурда ал аймактык ооруканада дарыланууда.

Эки тарап бир пикирге келип, «Ауди 100» унаанын айдоочусу РФнын жаранына 150 миң сом чыгым төлөп, аны Алма-Атага жеткирүүнү мойнуна алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×