Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.08.2016 10:03

Айыл турмушу: Профессор Б.Үкүевге Ысык-Көлдүн «Журт атасы» төш белгисин ыйгаруу сунушталууда (фото)

Turmush -  Өмүрүн билим берүү тармагына арнаган Бейшенбек Үкүевге Ысык-Көл облусунун «Журт атасы» төш белгисин ыйгаруу сунушталды.

Бейшенбек Үкүев Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында 1951-жылы туулган. Ал 1969-жылы Санкт-Петербург шаарындагы университетке инженер-экономист кесиби боюнча өтүп, анда Лениндик стипендия менен билим алган. Окуусун 1974-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган.

Экономика илиминин кандидаты, техника илимдеринин доктору, профессор, эл аралык информатизациялоо академиясынын академиги болгон Б.Үкүевди кесиптештери информатика жана маалымат технология тармагы боюнча республикадагы алдыңкы адис экендигин белгилешет.

Ал Кыргыз ССРнин элге билим берүүнүн отличниги, Ломоносов ордени жана башка бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. Ал өзү туулуп, өскөн кичи мекенине ар түрдүү жардам көрсөтүп келет.

Ага районго сиңирген эмгеги үчүн «Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылган. Ошондой эле, анын ысымы Жеңиш айылындагы мектепке ыйгарылган. Ал жыл сайын мыкты окуган окуучуларга жана алдыңкы мугалимдерге 40 миң сом өлчөмүндө стипендия берип келет.

Мындан тышкары, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо өзгөчө эмгек жумшады. Облустук бийлик тарабынан анын эмгеги бааланып, Ысык-Көл облусунун «Журт атасы» төш белгисин берүүгө сунушталууда.

Б.Үкүев 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×