Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.08.2016 10:04

Айыл турмушу: Мугалимдик кесибин сүрөтчүлүккө алмаштырган 60 жаштагы аксакал көлдүн жээгинде киреше табууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 60 жаштагы тургуну Кылыч Жаныбеков билим берүү тармагында 20 жыл эмгектенген. Кийин айлык маянасынын аздыгынан улам фото-сүрөтчү болуп иштеп баштаган.

К.Жаныбеков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал дайыма жаңы нерсени үйрөнүүгө умтулат.

«Өмүрүмдүн көбүн изденүү менен өткөрөм. Мугалим болуп окуучуларга сабак берүүдөн баш тарткан жокмун. Ошол мезгилдеги мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан улам сүрөт тартууга белсендим. Бул менин экинчи фотоаппаратым. Бир чети карылыкка моюн сунбай эмгектенсем, экинчи жагынан кошумча каражат таап алам. Өзүм инсульт болуп, айыккандан кийин көл жээгинде көбүрөөк басууну жактырам. Таза аба, көлдүн деми абдан пайдалуу. Көлдүн жээгинде эс алуу менен бирге жайкысын келген туристтерди сүрөткө тартам», - деп кошумчалады ал.

К.Жаныбеков бир сүрөттү 60 сомго тартып, дароо чыгарып берет. Бул эмгеги менен бир жылдык кирешесин таап алат. Сүрөтчү Ысык-Көлдүн кооздугун ар түрдүү ракурста тартып, өз кардарларына белекке берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×