Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 11.08.2016 13:33

Айыл турмушу: ЖОЖду артыкчылык менен аяктаган жети-өгүздүк жубайлар жайлоодо мал багууну тандашты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургуну Аскат Алабашев жана жубайы Назгүл Шаршенова жайлоодо мал багуу менен алектенет.

Жубайлардын айтмында, алар 20 жыл мурун Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бирин артыкчылык диплом менен аякташкан. А.Алагушов мектепти бүткөн соң, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде ветеринар адистиги боюнча билим алган.

Учурда алар аталган Сүттүү-Булак айылындагы жайлоолордун биринде төрт түлүк мал багып, ата-энеси менен бирге өздөрүнүн 2 уул, 2 кызын тарбиялоодо.

Аскат Алагушов учурда 4 үйүргө жакын жылкы, эт, сүт багытындагы уй жана кыргыз (кисер) койлорун багып, айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дагы жардам көрсөтөт.

Ал малдын санына гана эмес сапатына дагы көңүл буруу керектигин айтат. «Мал багуу оңой иш эмес. Өзүм ветеринария тармагында билим алгандыктан малдын саламаттыгына көңүл бурам. Көбүнчө эт жана сүт багытындагы мал багам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×