Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 16.08.2016 11:56

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк 73 жаштагы Карыбай ата азыркыга чейин мал чарбада эмгектенет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кара-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну Карыбай ата азыр да мал чарбасында эмгектенет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алыскы Сырт өрөөнүндөгү чабандан кабар алды.

Анын айтымында, 1969-жылдан бери мал багуу менен алектенет. Ошол жылдары Айыл чарба институтун аяктап, СССР маалында чарбанын малын багып, берилген пландарды ашыгы менен аткарып турган. Кийин СССР тараганда өздүк чарбасын түптөгөн.

«Менин балалык кезим ушул алыскы Сырт өрөөнүндө өттү. Кийин окууну аяктап келген соң мал бактым. Мал багуу түйшүктүү кесип экенин жакшы билем. Малды да кичинекей баладай кароо керек. Мал багууда сандан сапатка өтүү зарыл. Мен балдарымдын чабан болуусуна каршы болдум. Анткени түйшүгү оор кесиптердин бири», - деди ал.

Аксакал малчыдан тартып башкы зоотехник, жайыт комитетинин башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгектенген. 8 жыл Караколка айылында айыл башчы болуп иштеген. Азыркы тапта абердин-ангус тукумундагы уйларды багууда.

Райондун аймагындагы малчылар Карыбай аксакалга кайрылып, кеп-кеңеш алып турушат. Атага мал чарбасын өнүктүрүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн «Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×