Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.08.2016 10:41

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер суткасына 120 тонна ун чыгарган тегирмен иштетүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын 40 жаштагы тургуну Кантемир Байзаков айылда тегирмен иштетип, кайрымдуулук иштер менен алектенип келет.

К.Байзаков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун экономика факультетин аяктап, алгачкы ишин ушул тегирменде жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

Ал 10 жыл мурда «Элдан» тегирменин түптөп, учурда суткасына 120 тонна ун өндүрөт. Өзү экономист болгондуктан өндүрүш тармагында ишти жөнгө салып, 10дон ашуун адамды иш менен камсыздаган.

К.Байзаков тегирменге чет өлкөлөрдөн атайын жабдууларды алып келген. Учурда заман талабына ылайык жаңы жабдуулар менен толук камсыз болгон. Тегирмен 2010-жылы толук жаңыртылып, электрондук тараза жана башка заманбап аппараттар орнотулду.

Жумушчулар 10 күндө бир айлык маяналарын алышат. Ундар темир кошулмасы менен байытылып жасалат.

«Элде дан арбын болсун деп тегирмендин атын «Элдан» деп атадык. Ар дайым элдин дасторконунда дан арбын болсо экен деп тилек кылам», - дейт ал.

Ал кайрымдуулук иштер менен да алектенет. Балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип келет.

К.Байзаков сезон маалында 30га жакын адамды иш менен камсыздап, маянасынан сырткары ун да берет.

Ишкер жубайы менен 4 баланы тарбиялап келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×