Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.08.2016 14:17

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Руслан ундун сапатын текшерүүчү лаборатория ачты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Руслан Байзаков тегирмендин карамагында лаборатория ачты.

Р.Байзаков Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын агасы Кантемир тегирмен ачканда ал өзүнүн лабораториясын негиздеген.

Лабораторияда ал дандын, ундун сапатын текшерип, ага темир кошулмасын кошуу менен байытылган ун чыгарышат. Р.Байзаков кошумча окуу курстардан өтүп, айыл чарба тармагын тереңдетип окуу планы бар экендигин кошумчалады.

«Иш таң эрте башталып, алгач тегирменге түшкөн данды текшерем, андан соң 45 кг унга 4 грамм темир кошулган соң ун байытылган болот», - дейт ал.

Ал жубайы менен бирге 3 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×