Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.08.2016 16:13

Ысык-Көлдөгү авариядан каза болгон 18 жаштагы кыздын өздүгү аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү авариядан каза болгон 18 жаштагы кыздын өздүгү аныкталды. Turmush басылмасына Жети-Өгүз РИИБ маалымдагандай, каза болгон кыз — 1998-жылы туулган Сезим Жумадылова Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Мурдараак Барскоон капчыгайында 20-августта болгон жол транспорт кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жабыркаганы маалымдалган. Оодарылып кеткен унаанын ичинде айдоочу жигит жана 3 жүргүнчү кыз болгон. Жүргүнчүлөрдүн бири — Сезим башынан алган оор жаракаттын кесепетинен каза болгон. Ал эми, айдоочу менен жүргүнчү кыздар — Наргиза менен Эльнура оор жаракат алган.

Жабырлануучуларга алгачкы жардамды күбөлөр көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×