Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.09.2016 09:58

Жети-Өгүз районунда жүргөн селден улам 140 миң сом материалдык чыгым келтирилди

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлополян айыл аймагында 4-5-сентябрда жүргөн селден улам 140 миң сом материалдык чыгым келтирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-сентябрында кечки саат 23:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Кызыл-Суу айылындагы Шор-Булак коктусунан сел жүргөн.

Ошондой эле, жогорудагы тилкеде 5-сентябрь күнү саат 22:10 чамаларында жааган жамгырдын кесепетинен кайрадан сел жүргөн. Жергиликтүү тургун Э.Тотубаевдин кашарын дагы каптап, 1,5 метрдей шагыл таштарды короосунун артына үйүп, 0.60 гектар картошкасын, 100 түп алмурутун кум шагылдарга толтурган.

Турак жайлар жабыркаган эмес. Ушул эле тилкеде Намазбай коктусундагы Санжар Мамбетовтун короосун кум,шагыл каптап, дубалына таш аралашкан топурак тирелип калган. №35 Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу унаа жолунун 11 темир түтүкчөсүн сел алып, Чоң-Кызыл-Суу айылында жашаган 130 түтүн эл таза суусуз калган, ошондой эле таза суунун суу тундуруучу жайына сел жүрүү коркунучу пайда болгон.

Райондук Жарандык коргоо комиссиясы, ӨКМдин райондук бөлүмү, жергиликтүү тургундардан 16 адам, №35 Жол тейлөө ишканасынан 1 ХОВО, 1 жүктөгүч тартылган.

Чоң-Кызыл-Суу айыл аймагы тарабынан суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Авариялык абалга келип калган көпүрөнү оңдоо иш-чараларын райондук №35 ЖТИсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Айыл аймактын жана жергиликтүү тургундардын күчү менен таза суу өткөрүүчү түтүктөрүн калыбына келтирүүгө 16 адам тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жарандык коргонуу комиссиясынын актысынын негизинде алдын ала жалпы келтирилген материалдык чыгым 140 000 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×