Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.09.2016 11:14

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Кайыргүл малдын кыгынан биогаз чыгарып, үй шартында колдонууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Кайыргүл Узакова биогаз чыгарууну өздөштүрүп, учурда аны үй шартында колдонууда.

К.Узакова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал малдын кыгын туура пайдаланып, андан биогаз чыгаруу үчүн атайын окуудан өткөн. Андан соң, аны ишке ашыруу үчүн газ чыгаруучу түтүктөрүн орноткон.

«Уулум Канат экөөбүз мал семиртип, анын кыгын туура пайдалануу үчүн газ чыгарууга белсендик. Атайын жабдууларды, газ кетүүчү түтүктөрдү сатып алдык. Уулум мал багуучу сарай куруп, азыр 12 баш бодо мал байлап жатат. Биз алардын кыгын туура пайдаланып жатабыз деп ойлойм», - дейт К.Узакова.

Алар мындан тышкары, дыйканчылык менен алектенип, 2 гектар жерге 500 түп өрүк, 130 түп алма, 30 түп алмурут өстүрүшөт. Алардан мол түшүм алып, аны атайын кампада сакташат. Элдин 40 тонна алма, өрүгүн сактап берүү кызматына да акча алышат.

«Учурда био газ чыгарууга кызыктар болгон айыл тургундары арбын. Аларга акысыз кеңеш берип келем. Тургундар бул ыкманы өздөштүрүү алдында турушат», - деп кошумчалады К.Узакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×