Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.09.2016 09:35

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк уста жаңы үйлөнүп, үй курган жаштарга эшик-терезелерди акысыз жасайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын тургуну Айбек Абдраев жыгач уста болуп иштейт. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, жубайы Венера Абдылдаева менен бирге түтүн булатып чакан устакана ачып айыл элине жакындан жардам көрсөтүп келет. Уста айылдагы мектептин, маданият үйүнүн терезе-эшиктерин толугу менен акысыз алмаштырып берген. Азыр жаңы үйлөнүп, үй курган жаштарга эшик-терезелерди акысыз жасап берет. Андан сырткары жыгачтан бешик жана башка буюмдарды жасайт.

Жубайы Венера жайкысын өрүктөн мол түшүм алып киреше табат. Жубайлардын 1,5 гектар жерде өскөн өрүк багынан быйыл 100 тонна түшүм алышты. Уста өз чарбасында 2 адамга жумуш орун түзгөн. Уста алдыда районго устакана ачууну максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×