Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.09.2016 11:06

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан улам 1 адам каза болуп, 22 жаштагы тургун жабыркады

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан улам 62 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда саат 01:30 чамасында Ак-Терек–Жыргалаң айылдарынын ортосундагы жолдо «Ауди А6» (мамлекеттик номери В 2823 ВI) үлгүсүндөгү унаа менен «Ауди-100» (мамлекеттик номери В 5086 I) унаалары сүзүшкөн. Жыйынтыгында 1954-жылы туулган Ө.С., аттуу жаран каза болгон.

ӨКМдин 15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып «Ауди-100» унаасынан буту кыпчылып калган 1994-жылы туулган адамды чыгарып беришти. Каза болгон жаранды туугандар алып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×