Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.09.2016 08:35

Жети-Өгүздөгү Талды-Булак айылында сел жүрдү

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылында кечээ, 13-сентябрда саат 19:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Сел суусу 7 турак үйдүн чарбалык курулуштарынын айланасына жана чарбактарына кирген. Турак жайлардын ичине суу кирген эмес, деп маалымдайт ӨКМ.

Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, сел өтүүчү сайдын жээктери бекемделди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×