Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.09.2016 10:04

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү М.Алышбаевдин үй-бүлөсү күнөскана иштетип, 20 жылдан бери көчөттүн 50дөн ашык түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Мурат Алышбаевдин үй-бүлөсү 20 жылдан бери көчөт өстүрүү менен алектенет. М.Алышбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал учурда көчөттүн 50дөн ашык түрүн өстүрүүдө.

67 жаштагы Мурат Алышбаев СССР учурунда жөнөкөй куруучу болуп иштеген. Союз тарагандан кийин көпчүлүк менен катар жумушсуздукка кабылган. 1996-жылы ал Жети-Өгүз токой чарбасында иштеп баштаган.

«Райондук токой чарбадан 3 гектар жерди ижарага алганбыз. Анда бул жерде 18 жумушчу бар болчу. Азыр алардын бары иштебей калып, көчөттөргө кам көрүү биздин үй-бүлөнүн башына түштү. Жердин ижара акысын өз убагында төлөйбүз. Түшкөн пайданын 30%ын мамлекетке төлөп беребиз. Учурда ийне жалбырактуу көчөттөрдүн 50 түрүн өстүрөбүз. Сатып алуучулар алманын көчөттөрүнө басым жасашат», - дейт пенсионер.

Мурат Алышбаев жубайы менен үч кызды жана бир уулду тарбиялашты. Багбанчылык менен алектенүү иши ага атасынан өткөн.

«Атам мыкты багбан болгон. Союз тарагандан кийин мен жумушсуз калып, үй-бүлөмдү багуу үчүн бул тармакта иштеп баштагам жана буга өкүнбөйм. Биз үй-бүлөбүз менен көчөттөрдүн жакшы сортун алуу үчүн эмне кылуу керектигин билебиз. Чет өлкөдөн дагы алып келебиз. Учурда бизде карагат, алма, алмурут, өрүктүн түрү бар. Ал эми ийне жалбырактуу көчөттөрдөн көк карагай, тянь-шань карагайлары бар. Жемиш берүүчү көчөттөрдүн 30 сорту өстүрүлөт.

Уулум экөөбүз бул жактагы көчөттөрдүн сортун көбөйтүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Багбан белгилегендей, 3 гектар жерге көчөт отургузуудан тышкары күнөскана да курган.

«Күнөсканага бадыраң өстүрдүк. Түшүмү жакшы болду. Ошондой эле, «чили» сортундагы помидор да бар. Ал жүзүмдөй болуп, абдан майда болот. Эми күнөскананы кеңейтип, түшүмдү дагы көбөйтсөк деп жатабыз. Бардыгын жасаса болот, негизгиси коркпой, жалкоолукту жеңе билүү керек», - деди ал.

45 жылдан бери бирге жашаган Мурат Алышбаев менен Зинагүл Турганбаева учурда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын ардактуу тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×