Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.09.2016 18:29

Видео - Жети-Өгүздө шар аккан сууга кулаган унаадан 9 адамды куткарып калышты (толугу менен)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда 9 адам менен бараткан «Порше Кайен» унаасы Чоң-Кызыл-Суу дарыясына кулап кетти. Кийинчерээк унаанын ичиндеги 9 адамдын төртөө жаш балдар экени белгилүү болду. Айдоочусу жаандан кийинки тайгак жолдо унаанын башкаруусун жоготкон.

24

Канат Аманатов социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялагандай, жол транспорт кырсыгы Чоң-Кызыл-Суу айылынын аймагында болгон. Унаа ала салып барып, ташка такалып туруп калган.

Ошол учурда унааны жакын аймакта достору менен жүргөн жергиликтүү тургун Абдурахим Мамбеталиев жана 16 жаштагы Өмүр уулу Айдар көрүп, биринчилерден болуп жардам берүүгө киришкен. Алар шар аккан суудагы унаанын ичинен 9 адамды аман куткарып калышты.  

Айдар

Айдар

Унаанын жүргүнчүсү Сабира Сыманованын айтымында, окуя болгон күнү алар эс алууга чыгышкан. Жүрүп бараткан унаа күтүүсүздөн жолдон тайгаланып, сууга кулап түшкөн.

«Биз эмне кыларыбызды билбей, дүрбөлөңгө түштүк. Биздин үнүбүз алыс эмес жерде эс алып жүргөндөргө угулуптур. Абдурахим башында туруп бизди куткарган жигиттерге өзгөчө ыраазымын. Алар өз өмүрүн тобокелге салышты», - деди Сабира Сыманова.  

Сууга кулаган унаанын ичинде 40 мүнөттөй жатышканын айткан жүргүнчү Таалай Чакиев да куткарууга катышкан жигиттерге өзгөчө ыраазы.

«Биз абдан корктук. Унаа сууга кулагандан кийин узунунан туруп, ташка такалып калды. Эгерде унаа туурасынан турса шар суу оодарып кетмек. Сууга кулагандан кийин унаанын ичинде 40 мүнөттөй отурдук. Унаага суу кирип, буттарыбыз суу болуп үшүй баштадык. Токтобостон кыйкырып жардамга чакырып жаттык. Жардамга келип сактап калган адамдарга ыраазымын. Алар бизге экинчи өмүр беришти», - деди Т.Чакиев.  

24

Унаадагыларды куткаруу үчүн шар аккан сууга алгачкылардан болуп кирген Абдурахим Мамбеталиев 18 жылдан бери «Кумтөрдүн» коопсуздук кызматында эмгектенет. 

Абдурахим

Абдурахим «Биз эс алып жүргөн достор менен сууга түшкөнү жатканбыз. Унаа сууга кулап түшкөнүн укканда дароо жолдошторум менен окуя болгон жерге шашылдык. Ал жерден эмне кылуу керек экенин түшүнүп, дароо аракеттене баштадым. Коркунуч жөнүндө ойлонгон жокмун.

Анын натыйжасында адамдардын өмүрүн сактап калдык. Мени менен кошо адамдарды куткарууга катышкан Керимжан Абдиевге, Ринат Сулаймановго, Дилшат Масеевге, Абдухалил жана Абдужалил Мамбеталиевге ыраазымын. Ошондой эле, суудан алып чыккандан кийин үшүп калган жүргүнчүлөргө жардам берген Айдар Эралиевге жана анын карындашы Чынарага рахмат айтам.

Суудан чыккан жүргүнчүлөрдү унаам менен үйлөрүнө жеткирип койдум. Кырсыкка кабылган адамды куткаруу – эрдик эмес, жарандык парз деп эсептейм. Адам өмүрү баарынан кымбат», - деди Абдурахим Мамбеталиев.

23

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×