Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.09.2016 11:56

Ысык-Көлдө «Мак» операциясынын алкагында 30 килограммга жакын баңгизат алынды

Turmush -  Ысык-Көл ОИИБ менен Жети-Өгүз РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 29 кг 900 гр марихуана алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматына 26-сентябрда Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын тургуну ири өлчөмдө баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн.

Ал маалымат боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал туруктуу жашаган жери жок, ошол айылдагы кашарлардын биринде жалданып иштеп жүргөн 32 жаштагы эркек адам болгон.

Шектүү адам жалданып иштеп жүргөн кашарды текшерген учурда чатырынан ак түстөгү капка салынган марихуана табылды. Баңгизаттын салмагы 29 кг 900 гр экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Жети-Өгүз РИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин БМЖККБнын башчысы Таалай Түлөбаевдин маалыматы боюнча, «Мак» операциясынын алкагында милициянын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын негизги күч-аракеттери баңгизаттарын даярдоого мүмкүн болгон жапайы кендирди жок кылууга багытталган.

«Биздин максатыбыз – элибизди мыйзамсыз жеңил оокаттан арылтып, бул кылмышты алдын алуу. Ошол зээнди кейиткен баңгизатын даярдоо шартын жок кылсак, элибизде мындай азгырык болбойт эле», - деди ал.

Райондук мамлекеттик администрациялардын берген маалыматтарына таянсак, 23-сентябрга карата Ысык-Көл облусунун аймагында 418,32 гектар жерден 381750 килограмм жапайы кендирдин жашыл массасы жок кылынды. Ал эми облуста жалпысынан 764,3 гектар жер жапайы кендир менен жабыркагандыгы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×