Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.09.2016 13:49

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк ишкер чакан цехинен жылына 2 тонна чүчбара өндүрөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну Уран Маматов 10 жыл мурда ишкерчилик кылып баштаган.

У.Маматов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алгач муздаткыч сатып алып, чакан цех ачкан. Ишти чүчбара жасоо менен баштап, учурда жылына 2 тонна продукцияны элге сунуштап жатат.

Мында иштеген 5 жумушчу күн сайын 300 кг азык даярдайт. Анын чакан цехинде чүчбара, манты, фрикадельки жасашат. Ишкер өндүргөн азык-түлүккө суроо-талап арбын болгондуктан учурда ишин кеңейтүү менен алектенүүдө. Баалары базар баасынан төмөн жана сапаттуу болгондуктан эс алуу жайларынан түшкөн буюртмалар арбын болууда.

Азыркы тапта продукцияны Тоң, Жети-Өгүз райондоруна жана Каракол шаарына жөнөтүп турушат. Жумушчулар жасаган ишине жараша эмгек акы алышат.

Ишкана жайгашкан имарат СССР маалында колбаса чыгарган цех болуп, дээрлик 20 жылдан бери акталбай калган. Азыр райондогу өндүрүш тармагындагы ишканалардын бири болуп саналат. Жасалган азык-түлүктү -18 градуста сактоо үчүн 3 муздаткыч орнотулган.

Бир аптада бир бодо малдын этин алып, халал азык-түлүк даярдашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×