Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.10.2016 15:03

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө өспүрүм 3 бир тууган ансамбль түзүүнү пландоодо (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын кичинекей тургундары Гүлүна, Азим жана Тахмина Мадамбековалар бала кезинен бери ырдап келишет.

Алар Кызыл-Суу айылындагы С.Абдрахманов атындагы орто мектепте окушат. Келечекте ар кыл кесип ээлери болууну кыялданган өспүрүмдөр ата-энесин жумуштан келгенде ырдап тосуп алышат. Бир туугандардын улуусу Гүлүна 9-класста, ал эми Азим 6-класста, кичинекей Тахмина 2-класста окушат.

Алардын ата-энеси Максат жана Ханзада Кызыл-Суу айыл аймагында иштешет. Балдарынын өнөрүн баалаган ата-эне аларга комуз алып беришкен.

Таланттуу өспүрүмдөр мектептеги маданий иш-чараларга активдүү катышат. Учурда үч бир тууган биригип, ансамбль түзүүнү пландашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×