Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.10.2016 11:17

Жети-Өгүздө 9 айда катталган өрт кырсыгынан 2 млн сомдон ашык чыгым келтирилди

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ушул жылдын 9 айында 32 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук өрткө каршы кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 160 тонна чөп, 5 турак жай, 1 унаа жана башка мүлктөр өрттөнгөн. Өрт кырсыгынан келтирилген чыгым 2 млн 94 миң сомду түзгөн. Өздүк курам тарабынан 15 миң 575 сомдук материалдык мүлк, 490 тонна чөп, 12 турак жай сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×