Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 26.10.2016 17:37

Жети-Өгүздө окуучулар ата-энелери менен бирге мелдешке түштү

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда Жети-Өгүз районундагы Д.Иманов атындагы орто мектепте «Атам, апам жана мен» аттуу мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Мектеп директору А.Кадыркулованын айтымында, иш-чара 24-октябрь — Үй-бүлө күнүнө карата уюштурулган.

Мелдеште жогорку класстардын окуучулары 3 тайпага бөлүнүп, өз күчтөрүн сынашты. Аркан тартыш, качма топ, кап менен секирүү мелдештерине ата-энелер да катышты.

А.Кадыркулова эми бул мелдеш жылдык планга киргизилип, жыл сайын өткөрүлө турганын белгиледи.

Соңунда мыкты оюнчуларга Ардак грамоталар жана өтмө кубок тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×