Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.10.2016 10:51

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылдык кеңешинин көк бөрү боюнча алгачкы турнири өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин көк бөрү боюнча турнири өткөрүлүп, ага район боюнча 8 команда катышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Көк бөрүнү бала кезинен бери ойногон Адилет Жумаевдин айтымында, аталган мелдештин байгесине айыл аймак тарабынан 140 миң сом бөлүнгөн.

«Көк бөрүгө түшө турган ат күчтүү болушу керек. Анткени, улакты алып, атаандаштарынан алдыга озуп чыгууда жылкынын алгырлыгы өзгөчө мааниге ээ», - дейт ал.

Калыстар тобу командалардын ар биринин жөндөмдүүлүгүн баалап, мыкты оюнчуларды аныкташты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Саруу айылынын курама командасы, 2-орунду Жети-Өгүз районунун командасы, 3-орунду Кызыл-Суу айылынын курама командасы алып, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Айыл аймак башчысы Т.Бектурганов аталган мелдеш эми жыл сайын өткөрүлөрүн белгиледи.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×