Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.10.2016 10:41

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк жаш уста комузду добушуна ылайыктап жасайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургуну Нурзат Токторбашев 10 жылдан бери комуз жасайт.

Н.Токторбашев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын тай атасы убагында мыкты уста болгон.

«Тай атамдын жолун жолдоп, устачылык менен алектенем. Комуз чабууда анын добушуна карап жасоо керек. Анткени комуз карагай, өрүктөн жасалгандыктан анын добушу да ар кандай чыгат. Добуш жакшы чыгышы үчүн аны ыңгайлуу кылып чабуу керек», - дейт ал.

Устанын айтымында, ал жаз мезгилинде комузга керектүү материалдарды камдап, буюртманын негизинде жасайт.

«Комуздардын баасы 5 миң сомдон жогору. Өрүктөн жасалган комуз салыштырмалуу кымбат. Ошондой эле, кичинекей комуздарды жасап, аларды азем белек катары чет өлкөдөн келген жарандарга сатам», - дейт ал.

Айылга жаш уста катары таанылган Н.Токторбашев окуучуларга дагы комуз чабуунун сырларын акысыз үйрөтөт.

Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×