Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.11.2016 10:24

Жети-Өгүздө 9 айда 128 кылмыштын бети ачылып, мал уурулук боюнча 7 топ кармалган

Turmush -  Жети-Өгүз районунда ушул жылдын 9 айында 128 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу РИИБдин башчысы Т.Тюкебаев маалымдады.

Анын айтымында, 9 айда 177 кылмыш иши өндүрүштө болгон. Анын 172си тергелип, 128 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу 87,7%ды түзгөн. Бардык кылмыштардын негизинде жарандарга келтирилген зыян 1 миллион 383 миң 652 сом болуп, жабырлануучуларга 858 миң 598 сом кайтарылып берилген.

«9 айда мал уурдоо боюнча 8 факты катталды. Ыкчам аракеттердин натыйжасында мал уурдоо кылмышынын 6 фактысы ачылган. Мал уурулуктан келтирилген зыян 734 миң сом болуп, анын 460 миң сому өндүрүлүп, уурулук боюнча 7 топ кармалган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×