Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 08.11.2016 08:46

Айыл турмушу: М.Орозалиев Ак-Өгүз ашуусунан адамдын баш сөөгү менен укурук таап алган (видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылынын тургуну Марат Орозалиев 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгында Ак-Өгүз ашуусунан укурук таап келген. Аймактык кабарчы укуруктун ээси менен таанышты.

Анын айтымында, укурук менен кошо адамдын баш сөөгүн тапкан.

«Мындан 10 жыл мурда айылдаштарым менен Ак-Өгүз, Пикиртик ашууларына барып, 1916-жылдагы Үркүн маалында курман болгондордун сөөгүн жыйнап келгенбиз. Ашуунун бийиктиги жана андагы жол абдан кооптуу. Ошол маалда деңиз деңгээлинен 4800 метр бийиктиктен адамдын баш сөөгү менен ушул укурукту таап алдым. Шейит кеткен адамдын баш сөөгүн корумдап, укурукту ушул күнгө чейин сактап келем. Узундугу 2 метрге чейин жеткен укурук бышыктыгы менен өзгөчөлөнөт. Менин оюмча, ошол Үркүн маалында адамдар жар боорунан укурукту таяныч кылып өтүшсө керек. Азыр балдарыма Үркүн тууралуу айтып, укурукту кандайча таап алганымды жана ата-бабалардын эрдигин эскерип турам», - деди ал.

Марат Орозалиев 25 жылдан бери айылдагы мектепте мугалим болуп иштейт, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×