Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.11.2016 09:28

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн эң алыскы Ак-Шыйрак айылындагы аялдар жасаган жумшак оюнчуктар Япония, Кореяга экспорттолот (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун эң алыскы Ак-Шыйрак айылындагы жумушсуз аялдар атайын топ түзүп, кол өнөрчүлүк менен алектенишүүдө.

Жергиликтүү тургундардын бири Мазабат Мусалиеванын айтымында, бул аймактагы чабандардын аялдары көпчүлүк убакта үйдө бош отурушат. Буга байланыштуу алар биригип, «Ак-Шыйрак» жамаатын түзүшкөн. Учурда ага 40 аял мүчө болгон. Алар жүндөн ар кандай азем белектерди жасашат.

«Биз жайкысын жүндү жууп, кышкыга даярдык көрөбүз. Бир айда жасаган буюмдардан орточо эсеп менен 6 миң сомго чейин каражат табабыз. Жүндөн жасалган жумшак оюнчуктарды атайын сатып алуучулар жолдун алыстыгына карабай келип, алып кетишет», - деди М.Мусалиева.

Ал белгилегендей, алар жасаган жумшак оюнчуктар Япония, Корея өңдүү мамлекеттерге жөнөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×