Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.11.2016 13:54

Жети-Өгүздө 9 айда мал уурдоого шектүү делип 2 кылмыштуу топ кармалган

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 9 айда мал уурдоо боюнча 8 кылмыш иши фактысы катталган. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында мал уурдоого шектүү делип, 2 уюшкан топ кармалган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Мал уурулуктан жарандарга келтирилген материалдык зыян 734 миң сомду түзгөн. Мунун 460 миң сому өндүрүлүп жабырлануучуларга кайтарылып берилди», - деп маалымдашты РИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×