Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.11.2016 16:33

1,5 метр кар жааган Жыргалаңдагы туризм фестивалына 16 өлкөдөн келген меймандар катышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 18-ноябрда Жыргалаң айылында уюштурулган туризм фестивалына 16 өлкөдөн келген туристтер катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Туристтерге кыргыз элинин этномаданияты кеңири тааныштырылып, улуттук ыр-бийлер аткарылды. Аны менен катар четтен келген эс алуучулар менен жергиликтүүлөр үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчү болгондорго баалуу белектер берилди. Айыл тургундары фестивалга келгендерди кардан жасалган аяз ата менен тосуп алышты. Аталган аймакта кардын калыңдыгы 1,5 метрге жеткени иш-чаранын көңүлдүү өтүшүнө тоскоол болгон жок.

Бул фестиваль биринчи жолу 2015-жылы уюштурулган.

Белгилүү болгондой, аталган айылда мурунку жылы бир гана конок үйү болсо, быйыл 5 конок үйү ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×