Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.11.2016 16:48

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк М.Чотурова ФАПты иштеткен айылдагы жалгыз фельдшер (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Богатыревка айылынын тургуну Майрамкүл Чотурова айылдагы ФАПта бир нече жылдан бери фельдшер болуп иштейт.

Ал ишин эртең менен бөлмөнү жылытуу үчүн мешке от жагуудан баштайт. Өзү от жагып, пол жууп жана элеттиктердин саламаттыгын текшерет. Ал 1931-жылы курулган эски имаратта айылдагы 1040 адамга кызмат көрсөтөт. Анын ичинен 535 бала 5 жашка чейинкилер болсо, 35 бала бир жашка чейинкилер.

«Айылда кан басым, ашказан жара, кант диабети менен ооругандар бар. Бул жерде мен жалгыз иштейм. Жумасына эки күн Липенка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Жибек Абылаева келип турат. Аны менен бирге жаңы төрөлгөн балдардын үйлөрүн кыдырып, наристе кандай шартта чоңоюп жатканын көрүп, саламаттыгын көзөмөлдөп турабыз. Айлык маянам 5 миң сом. ФАПтагы мешти өзүм жагып алып, күндө ушул жерде отурам. Себеби, кышкысын сасык тумоо оорусуна чалдыккандар көп болот. Бөлмөнү жылытуу үчүн көмүр райондук администрация тарабынан  берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×