Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.11.2016 15:52

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк мугалим Б.Кускакбаев балдарга жыгачтан, мүйүздөн түрдүү азем белектерди жасаганды үйрөтөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну Батабек Кускакбаев 38 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет.

Turmush басылмасынын кабарчысы элеттик мугалимдин иши менен таанышып келди. Б.Кускакбаев мектепте кол эмгек ийримин түптөп, 2 жылдан бери окуучуларды эмгекке үйрөтүп келет. Учурда сабактан сырткары 16 окуучуга билгендерин үйрөтүүдө. Келечек ээлери бул жактан жыгачтан үй шартына керектүү түрдүү буюмдарды жасаганды үйрөнүшөт.

Мугалим окуучуларынын эмгектерин кароо-сынактарда сатып өткөрүп, каражат табышат.
Кол өнөрчүлөр ийриминдеги балдар жыгачтан жана жаныбардардын мүйүздөрүнөн түрдүү азем белектерди жасаса, кыздар кийизден дубал беттерине илинүүчү кооз сүрөттөрдү жасашат.

Аталган мектеп дал ушул кол өнөрчүлөр тобу менен райондо өткөн бир катар кароо-сынактарда ийгиликтерге жетишкен. Б.Кускакбаев 2 жылдан бери ийримди колго алып, алдыда борбордо өтүүчү кароо-сынака катышууга аракет кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×